Кыргызстанда жыл бою иштей турган тоо-туризм кластери курулат
Кыргызстанда «Baytik Mountain Resort» долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу үч тараптуу макулдашууга кол коюлду.
Документке бүгүн, 28-августунда Бишкекте өткөн «Кыргызстан–Кытай: туруктуу өнүгүүгө жана жалпы гүлдөп-өсүүгө карай жол» аттуу Кыргыз-Кытай инвестициялык бизнес-форумунун алкагында кол коюлду.
Макулдашууга Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттиги, «Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААК жана «Велмонт Групп» ЖЧК кол коюшту.
Долбоордун алкагында канат-отургуч жолун, лыжа трассаларын, мейманкана комплекстерин, этношаарчаларды, ошондой эле көңүл ачуу жана ден соолукту чыңдоо инфраструктурасын куруу пландалууда. Долбоордун ишке ашырылышы чет өлкөлүк туристтерди тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын өнүгүшүнө түрткү берет.
Baytik Mountain Resort кластери боюнча макулдашууга кол коюлушу — өлкөбүздүн туристтик потенциалын ишке ашыруудагы маанилүү кадам.
“Велмонт Групп” компаниясынын тажрыйбасын жана инвестицияларын Улуттук инвестиция агенттиги жана Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен биргеликте тартуу дүйнөлүк деңгээлдеги объектти түзүүгө мүмкүндүк берет», — деп белгиледи Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов.
Мындан тышкары, ири туристтик долбоорлордун катарында «Тосор» эл аралык олимпиадалык спорт комплекси жана «Чаткал Резорт» жыл бою иштей турган тоо-лыжа кластери бар.
