КР ТИМ башчысы ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлору менен жолугушту
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 28-августта Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Улуттук координаторлор кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлору менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Тышкы иштер ведомствосунун башчысы Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында Уюмдун Улуттук координаторлор кеңешинин жыйыны өтүп жаткандыгынын өзгөчө маанисине токтолду. Министр алдыдагы мамлекет башчыларынын кеңешинин саммити Уюмдун өнүгүүсүндө, өз ара ишенимди, ынак коңшулук мамилелерди жана көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү этап болууга тийиш экенин баса белгиледи. Лидерлердин алдыдагы жолугушуусунун Уюмдун мааракелик жылында өтүп жатканы ага өзгөчө маани берет.
Ошондой эле Министр улуттук координаторлорго активдүү иш алып баргандыгы, конструктивдүү өз ара аракеттенүүсү жана саммиттин мазмундук бөлүгүн даярдоого кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал документтерди макулдашуу жана ШКУнун мындан аркы ишинин багыттарын аныктай турган чечимдерди иштеп чыгуу боюнча масштабдуу биргелешкен иш дал ушул Улуттук координаторлор кеңешинин деңгээлинде жүргүзүлөрүн айтты.
Жолугушуунун соңунда Ж.Кулубаев координаторлорго жемиштүү иш каалап, Саммит ШКУ мейкиндигинде мамлекеттердин биримдигин жана тынчтыкты, туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү чыңдоого болгон жалпы даярдыгын дагы бир жолу тастыктайт деген ишенимин билдирди.
ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорунун атынан Россия Федерациясынын Президентинин ШКУ иштери боюнча атайын өкүлү Бахтиер Хакимов сөз сүйлөдү.
Ал Кыргыз Республикасынын төрагалык кылган мезгилдеги ырааттуу жана мазмундуу ишин, ошондой эле Саммитти даярдоодогу Кеңештин маанилүү ролун белгиледи. Б.Хакимов кыргыз тарапты Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алдыдагы 35 жылдыгы жана 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады. Ал улуттук координаторлордун мындан ары да жигердүү иш алып барууга даяр экенин ырастап, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкекте өтө турган жыйыны ийгиликтүү өтөрүнө ишеним билдирди.
Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.
