Ноокатта эки жарандан 1,3 млн сом алимент өндүрүлдү
Ноокат райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө алимент өндүрүү боюнча эки аткаруу өндүрүш иши келип түшкөн.
Сот аткаруучулар кызматынан кабарлашкандай, биринчи аткаруу өндүрүш иши боюнча карызкор М. М. М.дан өндүрүп алуучу Т. А. Б.нын пайдасына 500 000 сом алименттик карыз толугу менен өндүрүлдү.
Экинчи аткаруу өндүрүш иши боюнча карызкор Т. А. Т.дан өндүрүп алуучу Т. Н. М.нын пайдасына 854 184 сом алименттик карыз толугу менен өндүрүлдү.
Жыйынтыгында, Ноокат районунда алимент боюнча жалпы 1 354 184 сом карыз толугу менен өндүрүлүп, өндүрүп алуучуларга өткөрүлүп берилди.
Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы жарандардын укуктарын коргоо жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында сот актыларынын өз убагында жана толук аткарылышын камсыздоо боюнча иштерин улантууда.
