35 жылдык эгемендүүлүк: Нарында 10 объект пайдаланууга берилет
президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү
28 август

35 жылдык эгемендүүлүк: Нарында 10 объект пайдаланууга берилет

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Нарын облусунда 10 объектти пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Алардын арасында: 

  • 6 мектеп,
  • 1 административдик имарат,
  • 1 бала бакча, 2 өндүрүштүк ишкана бар.

Объектилердин даярдыгы менен ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев таанышты.