Бишкекте ШКУ жана көчмөндөр оюндарына байланыштуу курулуш иштерине чектөө киргизилди
Бишкекте ШКУ жана көчмөндөр оюндарына байланыштуу курулуш иштерине чектөө киргизилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Аталган маселе бүгүн борбор калаадагы курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен талкууланган.
Жыйында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине жана алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу шаардагы коопсуздукту, ошондой эле инженердик жана энергетикалык инфраструктуралардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу маселелери каралды.
ШКУнун саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу 30-августтан тартып Бишкек шаарында үч күнгө курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө жана оор атайын техникаларды пайдаланууга убактылуу чектөө киргизилди.
Убактылуу чектөө ири эл аралык иш-чаралар өтүп жаткан мезгилде шаардагы коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылууга, ошондой эле транспорттук жана инженердик инфраструктуралардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоого багытталат.
Мындан сырткары, курулуш объектилеринде атайын техникаларды туура пайдалануу, инженердик жана энергетикалык коммуникацияларга зыян келтирбөө жана коопсуздук талаптарын так сактоо маселелери талкууланды.
Энергетикалык көзөмөл органдарынын жана “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын өкүлдөрү курулуш компанияларын энергетикалык объектилерге жакын аймактарда иш алып барууда өзгөчө этият болууга чакырды.
