Депутат бийик тоолуу айылдардын тургундары пенсияга өз убагында чыга албай жатышканын айтты
Депутат Улукбек Карыбек уулу Жогорку Кеңештин жыйынында бийик тоолуу аймакка кирген айрым айылдардын тургундары пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгүн колдоно албай жатышканын айтты.
Ал белгилегендей, Министрлер Кабинетинин 2013-жылы кабыл алынган 235-токтомунда өлкөдөгү бийик тоолуу, шарты катаал айылдардын тизмеси бекитилген. 2015-жылы 692-токтом кабыл алынып, анда бийик тоолуу айылдардын тизмеси кеңейтилген. Бирок кийинки токтом менен бийик тоолуу катары кошулган айылдардын тургундары мыйзамга ылайык пенсияга чыгуу укугун колдоно албай жатышат.
“Мисалы, Чоң-Алай районунда төрт айыл бийик тоолуу айылдардын тизмесине кошулган. Бирок жашоочулар дагы деле ушул укугунун негизинде пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланышкан жок. Алардын конституциялык укугу чектелип жатат”, – деди депутат.
Ушул сыяктуу маселе Талас облусундагы Көпүрө-Базар жана Ак-Коргон айылдарында да кездешип жатканы айтылды. Белгиленгендей, аталган айылдын тургундары документтерин топтоп, Соцфондго алып барышса, ал жактан кабыл албай коюшкан.
Депутаттар Министрлер Кабинетинен учурда иштеп жаткан эки токтомду жөнгө салып берүүнү суранышты.
