Ош: Кең-Сай массивинде электр подстанциясын калыбына келтирүү иштери башталды
Кең-Сай массивиндеги курулушу толук бүтпөй токтоп калган электр подстанциясы Энергетика министрлигине өткөрүлүп берилип, учурда аны калыбына келтирүү иштери башталды. Жыл аягына чейин бул аймакка электр жарыгын берүү пландалууда.
Мындан тышкары, 20 жылдан бери иштебей турган суу насостук станцияны да оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, тез арада сугат суу көйгөйүн чечүүнү мэр тийиштүү кызматтарга тапшырган.
Эскерте кетсек, 15 жыл мурун Ош шаарынын 3000 тургуну үчүн Кең-Сайдан 800 гектар жер тилкеси турак-жай курууга бөлүнгөн. Бирок зарыл шарттардын жоктугунан улам калктын көчүп келиши кечеңдеп келген. Эми мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык Кең-Сай массивин жашоого ыңгайлаштыруу иштери кызуу жүрүүдө.
