Бишкекте Жаш Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү оңдоп-түзөө үчүн жабылат
14 апрель

Бишкекте Жаш Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү оңдоп-түзөө үчүн жабылат

Бишкекте 15-апрелде Жаш Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү оңдоп-түзөө үчүн жабылат, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Ошентип, Чүй проспектисинен Рыскулов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн батыш тарабы унаа кыймылы үчүн жабылат. Чыгыш тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат.

Оңдоп-түзөө иштерин «ДорСтрой Групп» ЖЧКсы аткарууда.

\Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт жана тыгындарды болтурбоо үчүн каттамыңызды алдын ала пландап, жеке транспорттун ордуна коомдук транспорт менен жүрүүнү сунуштайт.