Бишкекте жеке үйлөрдүн орточо баасы 17 млн сомго жетти
Бишкекте 2026-жылдын январь-июль айларында жеке турак үйдүн орточо салмактанып эсептелген баасы 17,06 млн сомду түздү.
Мамлекеттик каттоо кызматынын турак жай рыногуна жүргүзгөн талдоосуна ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6%га өскөн.
Жеке үйлөрдүн эң кымбаты борбор калаанын Октябрь районунда жайгашкан. Бул райондо үйлөрдүн орточо баасы 23 млн сомго жеткен.
Ленин районунда жеке үйлөрдүн орточо баасы 19 млн сомду түзөт.
Биринчи Май жана Свердлов райондорунда турак үйлөрдүн орточо салмактанып эсептелген баасы 12,5–13,5 млн сомдун чегинде болууда.
Ошол эле учурда райондор боюнча баалардын динамикасы бирдей эмес. Ленин районунда бир жыл ичинде номиналдык баалар 21,9%га, Свердлов районунда 14%га, Биринчи Май районунда 1,8%га өскөн.
Ал эми Октябрь районунда турак жайдын баасы эң жогору болгонуна карабастан, жыл ичинде 6%га төмөндөгөн.
