Баткенде мугалимдер жарандык коргонуу боюнча окуудан өттүдө
27 февраль

Баткенде мугалимдер жарандык коргонуу боюнча окуудан өттүдө

ӨКМге караштуу Окуу-изилдөө борборунун пландан тышкаркы окутуулары түштүк облустарында улантылууда. Бл тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты. 

Билдирүүгө ылайык, борбордун Кошумча кесиптик даярдоо кафедрасынын башчысынын орун басары М.Шерматов тарабынан «Биздин добуш» коомдук уюму менен бирге уюштурулган бул окутууларга Баткен шаарындагы, Кадамжай районунун Ак-Турпак жана Алтын-Бешик айыл аймактарындагы орто мектептердин мугалимдери катышты.

Анда окутуучулар менен жаш куткаруучуларды түзүү жана алар аркылуу Жарандык коргонуу жаатында иш алып баруу боюнча теориялык сабактар өткөрүлүп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кырсыктын кесепеттерин жоюу, кризисттик абалда өзүн жана жакындарын коргоо, өрт коопсуздук эрежелерин сактоо сыяктуу турмуштук пайдалуу кеңештерди алышты.

Ошондой эле практикалык көндүмдөрдү окуучуларга, мектептин жалпы жамаатына жеткирүү тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.