Арал-Казарман жолунда бир тараптуу каттам берилди
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинин 283–284-чакырымдар аралыгына түшкɵн жер кɵчкү тазаланып, бир тараптуу каттам берилди.
Белгилей кетсек, 24-июль күнү болжол менен саат 12:00до, Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 280–281-чакырым аралыгында тоо бетинен ири көлөмдөгү таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.
Тазалоо иштерине министрлик алдындагы №18, 14, 955-Жол тейлөө ишканалары тартылган. Кɵчкүнүн кɵлɵмү чоң болгондуктан 14 атайын техника жана 18 кишиден турган жол кызматкерлери тынымсыз иш алып барган.
Жалпысынан 141 000 м3 таш көчкү тазаланды.
