Кыргызстандын жана Армениянын профсоюздары жумушчулардын укуктарын коргоо үчүн биригишти
8 август

Кыргызстандын жана Армениянын профсоюздары жумушчулардын укуктарын коргоо үчүн биригишти

Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу Ереван шаарында өткөн семинарга катышып, платформалык жумушка байланыштуу баяндама жасап, Армениянын кесиптик бирликтер конфедерациясы менен кызматташтык тууралуу келишимге кол койду.

2025-жылдын 5–6-августунда Ереван шаарында Эмгек боюнча Эл аралык Уюмдун (ЭЭУ) АКТРАВ бөлүмү уюштурган «Технологиялык өзгөрүүлөр, анын ичинде жасалма интеллект: кесиптик бирликтердин позициясын жана аракеттерин аныктоо» деген темадагы аймактык семинар болуп өттү.

Семинарга Кыргызстан делегациясы да катышты. ККБФ төрагасы Мурадил Джумадилде уулу платформалык экономика жана анын эмгек мамилелерине тийгизген таасири боюнча баяндама жасап, Кыргызстандагы эмгек рыногунда платформалык жумуштун өсүшү, аны жөнгө салуудагы чакырыктар жана профсоюздардын коргоо чаралары тууралуу маалымат берди.

Өзүнүн сөзүндө Мурадил Джумадилде уулу мындай деп белгиледи:

«Платформалык жумуш – бул бүгүнкү күндө эмгек рыногунун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Бул сектордо иштегендердин көпчүлүгү социалдык коргоодон тышта калышат, расмий эмгек мамилелери жок болгондуктан, алардын укуктары жана коопсуздугу коркунучта. Профсоюздардын милдети – бул өзгөрүп жаткан шарттарга туура жооп берип, платформалык жумушчулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо».

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында Кыргызстандын жана Армениянын кесиптик бирликтеринин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул келишим эки өлкөнүн профсоюздарынын ортосунда тажрыйба алмашууну, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана эмгек укуктарын коргоо жаатында кызматташууну күчөтүүгө өбөлгө түзөт.