Кемин районунда чакан ГЭСтин курулуш аймагындагы ашканада өрт чыкты
13 август

Кемин районунда чакан ГЭСтин курулуш аймагындагы ашканада өрт чыкты

2026-жылдын 13-августунда Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагынын Жылтыр участогунда, Чүй дарыясынын жээгинде чакан ГЭСтин курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Интек» ЖЧКсынын аймагындагы ашканада өрт чыккан.

Алдын ала маалымат боюнча, өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.

Өрт толугу менен өчүрүлүп, кырсыктан жабыркагандар болгон эмес.

Аталган ишканада учурда Кыргыз Республикасынын 34 жараны эмгектенери, чет өлкөлүк жарандар жок экендиги аныкталды.

Ишканада иштеген жумушчулар ошол эле аймактагы контейнерлерде жашашат.

Учурда окуя болгон жерде Кемин районунун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.