FRU`дан BSZ`ге. «Манас» аэропортунун IATA коду өзгөрөт
19 май

FRU`дан BSZ`ге. «Манас» аэропортунун IATA коду өзгөрөт

«Манас» эл аралык аэропорту ушул жылдын 9-августунан тартып IATA кодун (FRUдан BSZге) алмаштырат. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бул чечим Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) коддорду өзгөртүү тартибин жөнгө салуучу 763-резолюциясынын жоболоруна ылайык кабыл алынган.

«Кодду өзгөртүү тууралуу чечим 2025-жылдын 9-майында IATA тарабынан жөнөтүлгөн расмий билдирүүнү негиз кылып, IATAнын 763-резолюциясынын 4.3.2-пунктунда белгиленгендей, 90 күндүк мөөнөт өткөндөн кийин күчүнө кирет», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, IATA коду дүйнө жүзү боюнча аэропортторду өзүнчө идентификациялоо үчүн колдонулат.