Бишкек: Мечиттер Орозо айына даяр
Бишкектеги мечиттер Орозо айына даяр, деп билдирет муфтияттын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, казыяттын алдында түзүлгөн жумушчу топ шаар аймагындагы жүздөн ашуун жума окулуучу мечиттердин баарын кыдырып, шарттары менен жеринде таанышып чыкты.
Текшерүү учурунда тазалык маселеси жана мечиттердин Орозо жамаатты кабыл алуу деӊгээлине көӊүл бурулду.
Жумушчу топ талап кылган жана эскерткен бардык эскертүүлөр жоюлуп, Бишкек шаарынын бардык мечиттеринде жогорку деӊгээлде келген жамаатка шарттар түзүлүп берилди.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын жума окулуучу мечиттеринин барында Куран хатм окулат.
Кыргызстанда Орозо айы 1-мартта башталат.
