
Нарын облусунда 2025-жылы 19 объекттин курулушу пландалууда
Нарын облусунда 2025-жылы 19 объекттин курулушу пландалууда. Бул тууралуу Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын директору Давид Курманов билдирди.
Анын айтымына караганда, өткөн жылда облус боюнча республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык салымдар беренеси боюнча 11 объект бүткөрүлдү. Алар:
- 5 мектеп,
- 1 музыкалык мектептин кошумча имараты,
- 1 бала бакча,
- 1 имарат,
- 1 ашкана.
Андан тышкары, стимгранттын эсебинен 5 футбол аянтчасы пайдаланууга берилген.
Белгилей кетсек, бүгүн, 23-январда Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жыйыны өтүп, ага КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак-жай-жарандык курулушу департаментинин директору Ислан Момоконов, УКМКнын Нарын облустук башкармалыгынын начальниги Кубанычбек Атажанов, Нарын облусунун прокурору Абдрашит Кубатидинов, техникалык көзөмөл кызматынын, курулуш ишканаларынын өкүлдөрү катышты.