Ош шаарында муктаждарга азык-түлүк баштыкчалары таратылды
Ош шаарында Ыйык Рамазан айынын урматына жардамга муктаж 250 кишиге азык-түлүк баштыкчалары таратылды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Азык-түлүктөрдөн ун, өсүмдүк майы, күрүч, кум шекер, макарон, чай, туз жана балдар үчүн шириндиктер берилди.
Кайрымдуулук иш-чарасында Ош шаардык мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов Ыйык Рамазан айында кайрымдуулук иштерине көмөк көрсөткөн «Примов» кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирип, катышуучуларды кирип келген Ыйык Рамазан айы менен куттуктады.
