Жол ачык, каттам бар. Өлкө ашууларындагы абал
27 февраль

Жол ачык, каттам бар. Өлкө ашууларындагы абал

Бүгүн, 27-февралда ɵлкө аймагындагы унаа жолдордо жана ашууларда жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, 26-февралда саат 19:00дө “Арал” постуна киргизилген убактылуу чектɵɵ алынды.

Учурда Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Тараз –Талас - Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашууларында, Бишкек – Нарын -Торугарт автомобиль жолундагы Долон, Кызыл-Бел жана Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашуусунда каттам бар, жол ачык.

Жолчулар тарабынан тынымсыз инерттик материалдарды себүү, жолго түшкөн кар күрткүлөрүн тазалоо, жол жээгин кеңейтүү иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө.