Бишкекте пландалган төрт жолдун ордуна 17 жол оңдолду
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
13 август

Бишкекте пландалган төрт жолдун ордуна 17 жол оңдолду

Бишкекте алдыдагы эл аралык иш-чараларга карата алгач төрт жолду оңдоо пландалган. Бирок жыйынтыгында оңдоо иштери 17 көчөнү камтыды. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев «Кабар» агенттигинин подкастында билдирди.

Анын айтымында, шаардагы негизги жол оңдоо иштери дээрлик аяктады.

«Иш-чаралар жаңыдан пландаштырылып, бизге тапшырмалар берилген учурда алдыбызда төрт жол боюнча милдет турган. Бүгүнкү күндө оңдолгон жолдордун саны 17ге жетти», – деди мэр.

Жунушалиев жол оңдоо иштеринин даярдыгын 96–97% деп баалады. Айрым тилкелерде оңдоо иштери дагы уланууда. Аларды пландалган иш-чаралар башталганга чейин толук бүтүрүү көздөлүүдө.

Борбор калаанын башчысы иштер Бишкекти комплекстүү даярдоонун алкагында жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ага шаарды көрктөндүрүү, жарыктандыруу жана имараттардын сырткы көрүнүшүн жаңылоо иштери да кирет.

Августтун аягы – сентябрдын башында Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу ири эл аралык иш-чараларды өткөрүү күтүлүүдө.