Бишкекте коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөндөргө айып салынат
Бишкекте муниципалдык коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн жол кире төлөөсүн текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабаралашты.
Рейддик иш-чараны Транспорт жана жол-транспорттук инфрастүзүмдү өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын ШИИББы жана «Тулпар» бирдиктүү картасынын адистери менен биргеликте өткөрүүдө.
Рейд учурунда адистер жүргүнчүлөрдүн жол кирени төлөгөн-төлөбөгөнүн текшеришет. Эгерде жол кире төлөбөө фактылары аныкталса, жүргүнчүлөр мыйзамдардын негизинде айыпка жыгылат.
Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 199-беренесинин 8-бөлүмүнө ылайык, муниципалдык коомдук транспортто жол кире жана жүктүн акысын төлөбөө, ошондой эле шаардык коомдук транспортту колдонуу эрежелерин бузуу – жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) өлчөмүндө айып салынат.
Мэрия шаар тургундарынан жол кирени накталай эмес ыкма менен – карта же QR-код аркылуу төлөөнү өтүнөт. Эгерде накталай төлөсөңүздөр, сөзсүз түрдө талон алыңыздар.
