Кыргызстанда никеге турууга арызды эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн берүүгө болот
Сүрөт ачык булактардан алынды
21 июль

Кыргызстанда никеге турууга арызды эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн берүүгө болот

Кыргызстанда никеге турууга арызды эми «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн берүүгө болот. Бул тууралуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси билдирди.

Никеге турууга арыз берүү үчүн эми ЖААК органдарына баруунун кереги жок. Документти тариздөө процесси толугу менен «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт.

Кызматты баштаган жаран «Никени каттоо» кызматын тандап, болочок жубайынын же жолдошунун жеке идентификациялык номерин (ЖИН) киргизет жана Face ID аркылуу өздүгүн тастыктайт.

Андан кийин экинчи тарапка билдирүү жөнөтүлөт. Ал көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерип, макулдугун ырастап, ошондой эле Face ID аркылуу өздүгүн тастыктайт.

Андан соң эки тарап тең арызга электрондук кол тамга менен кол коёт. Арыз автоматтык түрдө ЖААК органдарынын маалыматтык системасына кароого жөнөтүлөт.

Кароонун жыйынтыгында болочок жубайлар кызматтын жыйынтыгы тууралуу билдирүү алышат.

Мекемеден белгилешкендей, жаңы кызмат мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.