"Электрондук нотариат" системасы убактылуу токтотулду. Себеби
Үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда Нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасын ("Э-нот") "Өкмөттүк булутка" (G-Cloud) көчүрүү боюнча техникалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу системага кирүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Юстиция министрлиги маалымдайт.
Билдирүүгө ылайык, иштер саат 22:00дөн кийин башталып, болжол менен 2025-жылдын 5-июлунда саат 04:00гө чейин уланат.
Көрсөтүлгөн мезгилде нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү мүмкүн болбойт.
"Жарандардан жана юридикалык жактардан нотариустарга кайрылууну пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.
Техникалык иштер аяктагандан кийин "Э-нот" системасы штаттык режимде ишин улантат.
