Бишкекте 2025-жылдын мыкты тез жардам бригадасы тандалды
Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунда 4-июлда тез жардам бригадалары арасында кесиптик чеберчилик боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Иш-чара Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулуп, тез жардам кызматынын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жана командалык духун жогорулатууга багытталган масштабдуу сынак форматында өткөрүлдү.
Мелдешке Борбордун түрдүү бөлүмдөрү: психоневрологиялык, педиатрия, реанимация жана кардиология бөлүмдөрү, ошондой эле №1, №2, №3, №4 жана №5 көмөкчордондорунун атынан тогуз команда катышты.
Сынактын жыйынтыгы боюнча байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
- 1-орун - кардиологдор командасы (байге: 20 000 сом);
- 2-орун - №4 көмөкчордондун командасы (байге: 15 000 сом);
- 3-орун — №5 көмөкчордондун командасы (байге: 10 000 сом).
Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов кесиптик майрамды мындай форматта белгилөө биринчи жолу болуп жатканын белгиледи.
Ал башка өлкөлөрдүн "Тез жардам" бригадаларынын ортосунда өтүүчү эл аралык таймаштар — мисалы, Европалык оюндар — тууралуу айтып, Бишкек шаарынын командасын келечекте ошондой иш-чараларга алып чыгуу максаты бар экенин кошумчалады.
И. Шаяхметов бишкектик дарыгерлер быйыл сентябрда Казакстандын Атырау шаарында өтө турган "Тез жардам" бригадаларынын эл аралык мелдешине катышат деген үмүтүн билдирди.
