Кербен – Ала-Бука – Чаткал жолундагы авариялык абалдагы көпүрө оңдолот. Ал үчүн 20 млн сом каралган
Кербен – Ала-Бука – Чаткал жолундагы авариялык абалдагы көпүрө оңдолот. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, облус башчысы Тилек Текебаев Аксы районундагы Кербен–Ала-Бука–Чаткал автожолунун 23,8-чакырымында жайгашкан Манас-Сай сайы аркылуу өткөн көпүрөнүн абалы менен жеринен таанышты.
Узундугу 12 метр, туурасы 6 метр болгон темир көпүрө 1999-жылы ашар жолу менен курулган.
Андан бери көпүрөнүн эки тарабындагы кире бериш бөлүктөрүн катуу жааган жаан-чачындан улам сел суулары жууп кетип, оңдоо иштерине муктаждык жаралган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү кызматтар тарабынан көпүрөнү жаңылоо боюнча маалымат берилди. Ага ылайык, жаңы көпүрөнүн курулушу 2026-жылдын планына киргизилип, бул максатка 20 миллион сом каралган.
Учурда “Кыргыздортранспроект” мамлекеттик ишканасы тарабынан топографиялык тартуу иштери жүргүзүлүп, долбоордук-сметалык документтери даярдалууда. Долбоор толук бүткөндөн кийин тендер жарыяланып, курулуш иштери башталат.
Жаңы көпүрөнүн узундугу 15 метр, туурасы 12 метр болуп, эки тарабы тротуар менен курулары пландалууда.
Облус башчысы Тилек Текебаев жол коопсуздугун камсыздоо жана калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында курулуш иштерин өз убагында баштоо боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырмаларды берди.
