Актриса Айнура Темирова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты — некролог
Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры орду толгус оор жоготууга учурады.
Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, таланттуу актриса Темирова Айнура Зарлыковна узакка созулган оорудан улам 2025-жылы 10-январында 40 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу аталган театрдан кабарлашты.
Актриса Айнура Темирова 1985-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кытай айылында 27-майда жарык дүйнөдө келген.
2001-жылы орто мектепти аяктаган соң Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институнун Театр жана кино факультетин 2006-жылы ийгиликтүү бүтүргөн.
Эмгек жолун Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында 2007-жылы баштаган.
Таланттуу жаш актриса театр сахнасында көптөгөн ролдорду жаратып кетти. Актриса студент кезде алгачкы ролун Ж.Кулмамбетовдун "Аксыдагы атуу же Боспиектеги каран түн" драмасында маркумдун кызынын ролун мыкты ойноп таанылган.
Театрда аткарган ролдору:
- К. Драгунская "Верхтармошки" - сулуу кыздын ролу (2004) "Унутулган адам" - арбак кыздын ролу(2008)
- Ж.Кулмамбетов "Каргыш тийсин сага , Жаңыл мырза!"- Айнанын ролу ( 2008)
- М.Мамазаирова " Аппак аял айдай кыз" - Айдайдын ролу (2010)
- Саид Ахмад "Келиндер козголоңу" - Сурмаштын ролу (2011)
- К.Урмамбетов "Тактеке" - Карагулдун баласынын ролу ( 2013) К.Баялинов " Ажар" - арбактын ролу ( 2004)
- А. Абдыгулова "Элес" - Сабиранын ролу ( 2016)
- Е. Разумовская " Домой" - дудук кыздын ролу (2017)
- Ж.Оторбаев "Күзгүнүн сыры" - молдонун аялынын ролу ( 2017)
- Ч.Айтматов "Биринчи мугалим" - Алтынай ролу ( 2018 )
- Ж.Кулмамбетов "Талант жана Тагдыр" - Бакендин кызы жана Суфлер кыздын ролу (2016)
- А.Качкынбек кызы "Мектеп рекети" - Анара, окуучу кыздын ролу (2018)
- Н.Баэр "Капас" - жаш кыздын ролу (2019)
- М.Мамазирова "Кечиктим" - орус кыздын ролу (2020)
- Д.Дюдженолгу "Аялдар баш калкалоочу жай" - Зулфонун ролу (2022)
Кинодо аткарган ролдору:
- "Кандуу сүйүү" - Айнанын ролу (2010)
- " Миллионердин сүйүүсү - сулуу аялдын ролу ( 2018)
- "Жараланган турналар" - ырчы кыздын ролу ( 2019)
Кыргыз театр сахнасында кыргыз искусствосуна кошкон үзүрлүү эмгектери үчүн;
- Маданиятын "Ардак грамотасы" диплом сыйлык ээси (2010 )
- КР Маданиятынын мыкты кызматкери төш белгиси (2015)
- "Анвар Куттубаева" атындагы сыйлыктын ээси (2016)
- Аялдын образын мыкты жараткан үчүн, Театрлар ишмерлер союзунун "Эргүү" сыйлыгы (2015)
- Кыргызстан Аялдар Конгрессинин "Ардак грамотасы" (2016)
- Бакен Кыдыкеева атындагы төш белгиси (2018)
- Ала-Тоо айымдары төш белгиси ( 2022).
Таланттуу жаш актриса Темирова Айнура өзгөлөргө окшобогон айжаркын элеси ар дайым элдин жүрөгүндө түбөлүккө жашайт.
Жакын туугандарына, жоро жолдошторуна терең кайгыруу менен көңүл айтабыз! Жаткан жери жайлуу болсун!
