Бишкектин мэри ЖЭБдин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди
Бишкек мэриясы
13 август

Бишкектин мэри ЖЭБдин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн, 13-августта «Бишкек ЖЭБ» муниципалдык ишканасына барып, ишкананын учурдагы ишмердүүлүгү жана күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар мэрине ЖЭБдин өндүрүштүк-экономикалык көрсөткүчтөрү, негизги жабдуулардын абалы, жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери, ошондой эле алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу маалымат берилди.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев өндүрүштүк объектилердин техникалык даярдыгы, ишканаларды отун менен камсыздоо маселелери жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ошондой эле көчмө жыйындын алкагында «Бишкек ЖЭБ» муниципалдык ишканасында кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешмеге мэрдин орун басары Нургазы Курманбеков, «Бишкек ЖЭБ» МИнин директору Нурлан Күлжигaчев, «Бишкек ЖЭБ» МИнин башкы инженери Искандер Кокомбаев, «Бишкекжылуулукэнерго» МИнин директору Улан Айтиев, «Бишкекжылуулуктармагы» МИнин директору Уран Раимбеков жана Свердлов районунун акими Медербек Амангелдиев катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Бишкек шаарынын жылуулук-энергетикалык комплексинин учурдагы абалы, алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык, жылуулук жана электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыз кылуу, ошондой эле коммуналдык инфраструктуранын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл ЖЭБдин негизги энергетикалык жабдууларын оңдоого, отун базасын даярдоого, жылуулук тармактарынын абалына жана керектөөчүлөрдү сапаттуу жылуулук энергиясы менен камсыз кылууга бурулду.

Мэр Айбек Жунушалиев тиешелүү жетекчилерге күз-кыш мезгилине даярдык иштерин өз убагында жана сапаттуу аяктоо, ошондой эле бардык энергетикалык жана жылуулук объектилеринин техникалык даярдыгын камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, шаар тургундарын жылуулук жана электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу үчүн бардык тиешелүү кызматтардын өз ара тыгыз жана ырааттуу иш алып баруусунун маанилүүлүгү белгиленди.

Кеңешменин жыйынтыгында жооптуу жетекчилерге коюлган милдеттердин өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жана күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин жүрүшүнө туруктуу көзөмөл жүргүзүү тапшырылды.