Массалык башаламандыкка чакырууга шектелип УКТ мүчөсү кармалды
23 январь

Массалык башаламандыкка чакырууга шектелип УКТ мүчөсү кармалды

Массалык башаламандыкка чакыруу боюнча шектүү катары УКТнын мүчөсү кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы. 

КР УКМК массалык баш аламандык уюштурууну көздөгөн уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнүн алкагында, жоюлган К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары КР ИИМдин каттоосунда турган 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (1997-ж. редакциясы, Адам уурдоо) менен, ошондой эле 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо) боюнча соттолгон «Огуз» каймана аты бар 1988-жылы туулган Б.Э.Б. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.

Кармалган Б.Э.Б. социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу, жок кылынган К. Асанбек үчүн өч алуу ниетинде, массалык баш аламандыкка чакырган постторду байма-бай жарыялаганы аныкталган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык баш аламандык) менен кылмыш иши козголуп, кармалган Б.Э.Б. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин №21 мекемесине киргизилген, учурда жогоруда аталган фактылар боюнча кылмыштуу байланыштарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.