Курулуш министри Нурдан Орунтаев ижарага алынган батирде жашайт
Курулуш министри Нурдан Орунтаев үй-бүлөсү менен Бишкек шаарында ижарага алынган батирде жашай турганын билдирди.
Анын айтымында, үй-бүлөсүнүн «Тунгуч» кичи районунда өз батири бар, бирок ишине байланыштуу, ошондой эле мектепке жана күнүмдүк иштерге ыңгайлуу болушу үчүн борборго жакыныраак көчүп келүү чечими кабыл алынган. Ошол эле учурда өз батирин ижарага берип, түшкөн каражатка башка батирди ижарага алып жашашат.
«Бул батирди ижарага берип, ошол эле акчага башка батир ижарага алдык», – деди министр УТРКнын эфиринде.
Ал белгилегендей, «Тунгучтагы» батирден түшкөн киреше борбордук бөлүктөгү турак жайдын ижара акысын төлөөгө жетет.
