Кызыл-Кыя мэриясы жарандар үчүн түз байланыш номерин уюштурду
Сүрөт ачык булактардан алынды
14 август

Кызыл-Кыя мэриясы жарандар үчүн түз байланыш номерин уюштурду

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясында жарандар менен түз байланыш иш-чаралары уюштурулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, ар бир айдын акыркы ишемби күнү саат 09:00дөн 12:00гө чейин жарандардын кайрылууларын кабыл алуу үчүн түз телефон линиясы иштейт.

Жарандар өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча 0226 138 236 номери аркылуу кайрылып, тиешелүү суроолоруна жооп жана түшүндүрмө ала алышат.

Жарандардын кайрылууларын ыкчам кароо жана көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү – райондук мамлекеттик администрациянын негизги багыттарынын бири.