Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү 
3 апрель

Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү 

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. 

Тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, мамлекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Ошондой эле алдыдагы эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чаралардын графиги каралды.