Чүй ОИИББдин Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкеринин денесине жаракат келтирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду
13 август

Чүй ОИИББдин Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкеринин денесине жаракат келтирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Чүй облусунун ИИББде Чүй ОИИББдин Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерине анын кызматташы тарабынан дене жаракаты келтирилгендиги боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмыш ишин тергөөнү Чүй облусунун ИИББнин Тергөө кызматы жүргүзүүдө. Учурда окуянын бардык жагдайларын жана аталган фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча мыйзамда белгиленген мөөнөттө тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынат.

Чүй облусунун ИИББнин жетекчилиги кызматкерлеринин арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин бузулушуна байланыштуу фактыларга принципиалдуу мамиле кылат.

Кызматкердин ээлеген кызматына, атайын наамына жана башка эмгек сиңирген жетишкендиктерине карабастан, күнөөсү аныкталган учурда тиешелүү кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу чаралар көрүлөт.