Бишкек: Баялинов көчөсүндөгү мыйзамсыз кошумча курулуш демонтаждалат
8 август

Бишкек: Баялинов көчөсүндөгү мыйзамсыз кошумча курулуш демонтаждалат

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан пландуу рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Иш-чаранын алкагында Баялинов көчөсү, 95 дарегиндеги мыйзамсыз курулган кошумча курулуш аныкталып, мыйзам чегинде демонтаждоо чечими кабыл алынды.

Курулуш, архитектура жана турак-жай, коммуналдык чарба министрлиги жеке жана юридикалык жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана курулуш ченемдерине ылайык иш алып барууга чакырат. Мыйзам талаптарын сактабаган учурда тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертет.