Бишкекте Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилиши көрктөндүрүлөт
Курулуш министрлиги
21 июль

Бишкекте Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилиши көрктөндүрүлөт

Бишкектеги Жусуп Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан коомдук мейкиндик көрктөндүрүлөт. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.

Аталган аймакты көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты.

Долбоордун негизги максаты — борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн заманбап жана көп функционалдуу шаардык мейкиндик түзүү.

Долбоордун алкагында төмөнкү функционалдык жайларды түзүү каралган:

  • эс алуу жайы;
  • шахмат ойноочу аймак;
  • көчө китепканасы;
  • балдар үчүн оюн аянтчасы;
  • спорттук машыгуу аянтчасы;
  • фонтандарды жаңылоо;
  • унаа токтотуучу жай;
  • коомдук даараткана.

Ошондой эле долбоордо унаа токтотуучу жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жайларды атайын бөлүү каралган. Бул аймакты жөө басууга жана эс алууга ыңгайлуу, коопсуз мейкиндикке айландырууга шарт түзөт.

Ал эми, долбоорду ишке ашыруу жана аймакты көрктөндүрүү иштери Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлөт