Экөө каза болуп, бирөө реанимацияда. Кара-Балтада үрөй учурган жол кырсыгы катталды
8 апрель

Экөө каза болуп, бирөө реанимацияда. Кара-Балтада үрөй учурган жол кырсыгы катталды

Кара-Балта шаарында 8-апрелде эртең менен үрөй учурган жол кырсыгы катталды.

Алдын ала маалыматка ылайык, шлагбаумдун аймагында автоунаа даракты сүзүп алган. Унаанын ичинде беш адам болгон. Кырсыктын натыйжасында эки жигит жеринде мерт кеткен.

Жабыркагандардын бирөө оор абалда реанимацияда. Калган жүргүнчүлөр ар кандай жарааттарды алышкан, алар ооруканага жеткирилген.

Жабыркагандардын жашы болжол менен 20да.

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.