Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Игорь Сергеенко Кыргызстанга келди
18-майда Кыргызстанга Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Игорь Сергеенко баштаган парламенттик делегация келди.
Бийик даражалуу мейманды «Манас» эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев тосуп алды.
Белгилей кетсек, Беларусь Республикасынын парламенттик делегациясы 19-майда Бишкек шаарында өтө турган ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин көчмө жыйынына катышат. Буга чейин Кыргызстанга Тажикстандын, Россиянын жана Казакстандын делегациялары келген.
