Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат
16 октябрь

Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте 17-октябрь, саат 18:00дөн 18-октябрдын саат 05:00гө чейин транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн Чүй проспектисинин Павлов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Муниципалитет, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен карап, жолуңарды алдын ала пландап алууну өтүнөт.