Мал ылаңдары көбөйүүдө. Депутат этти кылдат текшерүүнү талап кылды
4 март

Мал ылаңдары көбөйүүдө. Депутат этти кылдат текшерүүнү талап кылды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлнара Баатырова тийиштүү кызматтардан өлкөнүн эпизоотиялык абалы тууралуу маалымат берүүнү талап кылды. 

Айтымында, коңшу өлкөлөрдө мал арасындагы жугуштуу оорулар жайылып жатканы тууралуу маалыматтар пайда болууда. Ошол эле убакта Кыргызстандагы фермерлер дагы малга байланышкан чыгым көбөйгөнүн айтып жатышат. 

“Бизде эпизоотиялык абал кандай? Малдын ар кандай жугуштуу ылаңдарына каршы сайылчуу дары-дармектер жетиштүүбү деген суроолор пайда болууда. Малдан адамга жугуучу бруцеллез, эхиноккокоз оорулар көбөйүп жатат. Бул азык-түлүк коопсуздугуна түздөн түз байланышкан олуттуу маселе. Малдан алынган продукциялар лабораториялардан текшерүүдөн толук кандуу өтүп жатабы? Эттин баасы өсүп баратат, бирок сапаты кандай болууда?” – деди депутат. 

Ошондой эле Баатырованын айтымында, мал арасында шарп ылаңы да күч алууда. Буга чейин шарптын эки тиби болгон жана вакциналар ушул типтерге ылайыкташкан. 

“А азыр шарптын бир нече тиби пайда болду. Аларга вакциналар канчалык натыйжалуу болуп жатканын текшерүү керек”, – деди Гүлнара Баатырова.