Бишкек: Курулуш объектисинде чыккан өрт боюнча текшерүү жүргүзүлдү
16-июнда Бишкек шаарынын Майрам көчөсү 62 дарегинде жайгашкан 3-4 кабаттуу турак жай комплексинде өрт чыккан.
Аталган өрт кырсыгы боюнча Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан ыкчам текшерүү иштери жүргүзүлдү. Анын негизинде, аталган объектиде курулуштун чатыры күйүп кеткендиги маалым болду.
Катталган факт боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Атрий” ЖЧКсына коопсуздук талаптарын сактабагандыгы үчүн жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле компанияга “Курулуш өндүрүшүн уюштуруу» ченемдеринин талаптарын так сактоо, техникалык коопсуздук эрежелери, өрт коопсуздугу жана эмгекти коргоо боюнча белгиленген талаптардын аткарылышын камсыз кылуу талабы коюлду.
Азыркы тапта өрттүн жалпы аянты жана келип чыгуу кесепеттери такталууда. Ага ылайык объект боюнча инженердик-техникалык текшерүүнүнүн жана Өрт коопсуздугу кызматынын тиешелүү корутундуларын алуу милдеттендирилди.
