"Сосновка" постундагы чектөө алынып, каттам толугу менен ачылды
23 январь

"Сосновка" постундагы чектөө алынып, каттам толугу менен ачылды

Бишкек–Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө 23-январда саат 13:00дө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Белгилей кетсек, 22-январда Бишкек – Ош унаа жолунун 127-чакырымында кар көчкү түшүп, тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Ошого байланыштуу саат 16:20дан тартып Бишкек – Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген эле.