Жалал-Абад облусу менен Кытайдын аймактарынын ортосундагы байланыш кеңейтилет
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
17 сентябрь

Жалал-Абад облусу менен Кытайдын аймактарынын ортосундагы байланыш кеңейтилет

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев 16-сентябрда Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу Лю Мин Гэ менен жолугушту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүк билдирет. 

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын алкагында, Жалал-Абад облусу менен Кытайдын аймактарынын ортосундагы байланыштарды кеңейтүү, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тилек Текебаев Жалал-Абад облусунда инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өнөр жай, энергетика, тоо-кен, айыл чарба жана кайра иштетүү, туризм, логистика сыяктуу тармактарда кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Ошондой эле “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушунун маанисине токтолуп, долбоордун ишке ашырылуусу транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана аймактар аралык экономикалык байланыштарды активдештирүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

Тараптар Жалал-Абад облусу менен Кытайдын аймактарынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.