Манас шаарын сел каптады
Манас шаарынын мэриясы
1 май

Манас шаарын сел каптады

Күн мурун, 30-апрелде болжол менен саат 22:40та Манас шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Барпы Сейил, Эркиндик, Түмөнбай Байзаков, Курортный, Токтогул, И. Исмаилов, Загорный, Ж. Карабаев, Ж. Жусупбеков жана башка бир катар ички көчөлөрдү сел суулары каптады.

Манас шаардык мэриясынан кабарлашкандай, учурда селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштер күчөтүлгөн тартипте уланууда.

Табигый кырсыктын натыйжасында 4 социалдык объектке зыян келтирилди. Атап айтканда, КР ИИМнин күзөт бөлүмүнүн короосун, медициналык колледждин жер төлөөсүн, шаардык газ чарба кызматынын имаратын жана “Кыргыз темир жолу” ишканасынын короосун сел суулары каптаган. Ошондой эле “Глобус” дүкөнүнүн ичине суу кирген.

Мындан сырткары, жалпы 39 турак жай жабыркап, алардын ичинен 2 көп кабаттуу үйдүн кире бериши, 11 үйдүн ичи жана 26 үйдүн короосу сел суусуна толгон. Эркиндик көчөсүндөгү №3 даректе жайгашкан турак үй авариялык абалга келип, Манас шаарынан Дача тилкесине баруучу ички чарбалык жол жабыркаган.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине жалпы 314 адам жана 15 бирдик техника тартылды. Алардын катарында КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан, Сузак райондук жана Манас шаардык бөлүмдөрүнөн куткаруучулар, ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкерлери, ошондой эле шаардык коммуналдык кызматтар жана жергиликтүү тургундар бар. Жалпысынан 12 мотопомпа колдонулууда.

Учурда бир катар аймактар тазаланып, анын ичинде ИИМнин күзөт бөлүмүнүн жана “Кыргыз темир жолу” ишканасынын короолору, шаардык газ кызматынын имараты, “Глобус” дүкөнүнүн ичи, 5 турак үйдүн жер төлөөсү жана 9 үйдүн короосу сел калдыктарынан тазаланды. Ошондой эле Эркиндик көчөсү, Т.Байзаков проспектиси жана Дача тилкесине баруучу ички жол толук ачылды.

Бүгүн, 1-майга карата жалпы 21 турак жайда тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Анын ичинен 8 турак үй толугу менен тазаланып, 13 үйдө иштер уланууда. Мындан тышкары, Курортная көчөсүндөгү №2 медициналык колледждин жер төлөөсүнөн сууну сордуруу иштери жүрүп жатат.

Учурда селдин кесепеттерин толук жоюу жана тактоо иштери улантылууда.