Бишкек мэриясы эске салат! Жашыл аянтка унаа токтоткондорго айып салынат
29 сентябрь

Бишкек мэриясы эске салат! Жашыл аянтка унаа токтоткондорго айып салынат

Бишкектеги айдоочуларга  жашыл аймактарга унаа токтоткондугу үчүн айып пул салынары эскертилди.

Мэриянын маалыматына караганда, эреже бузгандарга  5 500 сомдон 17 000 сомго чейин айып пул каралган.

Жашыл аянтка  унаа токтотуу экологияга зыян келтирип, шаарды  жашылдандыруучулардын аракетин жокко чыгарат.

Эске салсак, жашыл газондорго жана жашылдандырууга арналган жерлерге унааларын токтоткону үчүн 5 айдоочуга  айып пул  салынды.
Алардын ичинен 2 айдоочу  мыйзам бузуу менен макул болсо, калгандарынын иштери райондук  административдик комиссиянын комиссиянын кароосуна жөнөтүлдү.

Муниципалдык инспекция айдоочулардан көңүл буруп, автоунааларды автожолдордун бөлүнгөн тилкесиндеги жашыл аянтка, газондорго жана жашылдандырыла турган жерлерге токтотпоону эскертет.