Ооган-тажик чек арасына тынчтык орнотууга катышкан кыргызстандык ардагерлер акчалай компенсацияны көбөйтүүнү суранышууда
4 март

Ооган-тажик чек арасына тынчтык орнотууга катышкан кыргызстандык ардагерлер акчалай компенсацияны көбөйтүүнү суранышууда

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсаракан Абдибаева Ооган-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга катышкан кыргызстандыктардын кайрылуусун ачыктады. 

Депутаттын айтымында, булар – 1992-1999-жылдардагы Ооганстан менен Тажикстандын чек арасында тынчтыкты орнотуу аракетине катышкан жана бул эки мамлекеттин келишиминин негизинде болгон. 

“Алар куралдуу кагылышууга да туш болушкан. Мамлекеттер ортосундагы келишимге ылайык, башка мамлекеттин аймагына барышып, келишимди кынтыксыз аткарышкан. Көбү ден соолугунан ажырады, майыптыкка чыккандар да бар. Бирок ушул убакка чейин аларга согуш катышуучуларынын ардагерлери макамы берилбей келет. Айына 1000 сом акчалай компенсация алышат”, – деди ал. 

Депутат ардагерлер алардын макамын Ооган согушунун ардагерлери менен теңдештирүүнү жана акчалай компенсацияны жок дегенде жашоо минимумуна жеткирип берүүнү суранышканын кошумчалады.