23 январь
Лейлекте милиция кызматкерлери айдоочуларга жол эрежесин сактоону эскертүүдө
Лейлекте милиция кызматкерлери айдоочуларга жол эрежелерин сактоону эскертүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, милициянын көчмө кабылдамасы Раззаков шаарындагы автобекетке жана базарларга барып, айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле милициянын көчмө кабылдамасына 12 атуул кайрылып, аларга жеринде юридикалык кеңештер берилип, жалпы профилактикалык иштер алып барылды.
