Саламаттык сактоо министри БУУнун Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жыйынында сөз сүйлөдү
21 июль

Саламаттык сактоо министри БУУнун Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жыйынында сөз сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында өтүп жаткан жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу маселелери боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жыйынына катышууда. Жыйындын пленардык отурумунда министр Кыргыз Республикасынын атынан расмий баяндама жасады.

Өз сөзүндө Дамир Осмонов жарандардын өмүрүн сактоо жана жол-транспорт кырсыктарынан келип чыккан жаракаттарды азайтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, бул өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү жана адамдык потенциалын сактоо менен түздөн-түз байланыштуу экенине токтолду. Министр улуттук статистиканын кооптуу көрсөткүчтөрүн келтирди: 2025-жылы республика боюнча 8 миң 456 жол-транспорт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 900 адам каза болуп, 12 миңден ашуун жаран ар кандай жаракаттарды алган.

Глобалдык милдеттенмелерди жана Марракеш декларациясынын жоболорун ишке ашыруунун алкагында Кыргызстан 2040-жылга чейинки Улуттук өнүгүү стратегиясын жана Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча стратегияны ишке ашырууда. Аталган стратегия 2027-жылга чейин жол кырсыктарынан каза болгондордун санын 50 пайызга кыскартууну максат кылат. Министр БУУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнө быйыл Министрлер Кабинетинин алдында мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо боюнча адистештирилген комиссия түзүлгөнүн, инфраструктураны санариптештирүү иштери жүргүзүлүп жатканын («Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 5 миңден ашык видеокөзөмөл камерасы иштеп жатат), ошондой эле 2026-жылдын июнь айында жеке мобилдүүлүк каражаттарын (электросамокаттарды) пайдаланууну жөнгө салган мыйзам кабыл алынып, алардын ылдамдыгы саатына 15 чакырым менен чектелгенин маалымдады.

«Бир дагы саламаттык сактоо системасы жол-транспорттук травматизм көйгөйүн өз алдынча чече албайт. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тез жардам кызматтарынын даярдыгын жогорулатып, санитардык эвакуацияны өнүктүрүп, травматологиялык кызматты модернизациялоо менен катар калк арасында алдын алуу багытындагы маалыматтык-түшүндүрүү иштерин да күчөтүүдө. Тармактар аралык кызматташтыкты бекемдөө аркылуу гана дүйнө жүзүндө жолдордо миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калуу боюнча жалпы максатыбызга жете алабыз», — деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов.