Каракол шаарында “Өспүрүм” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өтүүдө
8 ноябрь

Каракол шаарында “Өспүрүм” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өтүүдө

Өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында, Каракол ШИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан атайын профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бул иш-чаралардын негизги максаты өспүрүмдөрдүн мыйзамга баш ийүү маданиятын жогорулатуу, алардын укуктук түшүнүгүн кеңейтүү жана укук бузууларга алып келүүчү терс факторлордун алдын алуу болуп эсептелет.

Иш-чаралардын жүрүшүндө инспекторлор мектеп окуучулары менен жолугушуп, мыйзам бузуу жоопкерчилиги, өз укуктарын жана милдеттерин билүүнүн мааниси, үйдө жана коомдо коопсуз жүрүм-турум маселелери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Ошондой эле, ар кандай түрдөгү зордук-зомбулукка жол бербөө жана зарыл учурда жардамга кайрылуу жолдору кеңири талкууланууда.