Базарбаев: Айыл өкмөт башчылары башка аймактан болушу керек деген норма эскирди
Жаран туулуп-өскөн айылына айыл өкмөт башчысы болуп дайындала албайт деген норманы мыйзамдан алып салуу сунушталды.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер комитетинин жыйынында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев тиешелүү мыйзам долбоору менен тааныштырды.
Анда белгилегендей, буга чейин, 2021-жылы кабыл алынган айыл өкмөт башчылары жөнүндөгү мыйзамдын айрым нормалары эскиргендиктен, жаңыланууга муктаж.
“Учурда айыл өкмөт башчылары ошол айылда төрөлүп-өскөн болбошу керек деген норма иштейт. Бирок бул норма актуалдуулугун жоготту. Анткени, башка жактан келген айыл өкмөт башчылары төрт-беш ай иштегенден кийин ишин тапшырып, кетип калышууда. Бул айыл өкмөттөрдүн ишмердүүлүгүнүн туруктуулугуна кедергисин тийгизүүдө”, – деди Базарбаев.
Ал аталган норманы алып салып, жаран өзү төрөлүп-өскөн айылга айыл өкмөт башчысы болуп дайындалуусуна уруксат берүү зарылчылыгын белгиледи.
