Мейманканадагы мушташ. Бийчи Жан Воинов кармалды
4 июль

Мейманканадагы мушташ. Бийчи Жан Воинов кармалды

Бишкекте бейбаштык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, 30-июнь күнү Ж.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ошол күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында Киев көчөсүндө жайгашкан мейманканалардын биринде В.Ж. аттуу жаран коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин атайылап жана одоно бузуп, негизсиз түрдө дене жаракаттарын келтиргендигин билдирген.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-(Бейбаштык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1996-жылы туулган В.Ж. аттуу шектүү аныкталып, 96-берененин негизинде Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.