Кыргызстанда дагы бир шаар пайда болот: Гүлчө айылын шаарга айлантуу сунушталууда
Ош облусуна караштуу Алай районундагы Гүлчө айылына шаар статусун берүү сунушталды. Бул тууралуу ЖК конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында айтылды.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу иши боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин айтымында, аталган айыл өкмөтүнө 12 айыл кирет. Алар: Гүлчө, Кара-Булак, Таш-Короо, Жылуу-Суу, Чакмак, Курманжан Датка, Кара-Суу, Тамга-Терек, Кум-Шоро, Кайнама, Октябрь жана Оро-Дөбө.
“Гүлчө айылы Алай районунун жана Гүлчө айыл аймагынын административдик борбору болуп эсептелинет. Ош шаарынан 80 чакырым алыстыкта жайгашкан. Калктын саны 22 миң 566 адам. Райондогу бардык уюмдар жана мекемелер Гүлчөдө жайгашкан”, – деди Базарбаев.
Депутаттар сунушту колдоого алышты жана шаар статусу берилгенден кийин инфраструктурасы да ошого тете болушу керектигин белгилешти.
