Чүйдө томолой жетим балдар жер тилкелерине ээ болушту
Чүйдө томолой жетим балдар жер тилкелерине ээ болушту, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Москва районунун прокуратурасы тарабынан томолой жетим балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн текшерүүдө 2 томолой жетим балдар жер тилкелери менен камсыз болбогондугу аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чара көрүү актыларынын натыйжасында 2 балага укук таануучу документтери тапшырылып, жер тилкелерге ээ болушту.
